маймыл
- Мүчө түзүлүшү жагынан адамга бир кыйла жакын болгон сүт эмүүчү жаныбар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ыркырап, / Найзанын үнү күркүрөп, / Адамдын бойу дүркүрөп, / Тоодой дөөлөр келатат, / Жер жарылып сүлкүлдөп, / Оозунан оту буркурап, / Ак көбүктөр буртулдап, / Маймылдары жүгүрүп, / Аттап-аттап түйүлүп, / Көрүп турган адамзат, / Аманат жандан түңүлүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Маймыл келет жабылып, / Жер бетиндей жайылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Маймылдарын карасаң, / Шактан-шакка секирип, / Кыргоолу жерге бекинип, / Тотукуш куйрук жайышып, / Айбат кылып үксөйүп, / Жапа тооктор мекийип, / Кыргыйек турат чекийип, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жери сонун келишкен, / Жылан – чайан көп деген, / Токойу калың чер деген, / Айуу, жолборс, кабылан, / Маймыл, доңуз ээлеген, / Какыр менен чөлүндө, / Таш бака, кирпи жердеген, / Какырынын четинде, / Төө кушу бар миңдеген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →