майлык

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Тамактангандан кийин кол аарчый турган кол аарчы.
  2. Тамактанган столдун үстүн, дасторконду тазалоо үчүн колдонулуучу чакан кездеме.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Көпсөрдүн оозун чойгулап, / Куржун башы дарыны, / Кур дедире куйду эле, / Коло, чойун аралаш, / Кунан уйдай коргошун, / Кулдуратып урду эле, / Сүр куйрук менен майлыкты, / Артынан тартып турду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сүтбоздун тарап кыл жалын, / Сүмбөлөп ичин жышкуурлап, / Артынан тартып ак кадек, / Кир жукпай калган мезгилде, / Өлчөлүү дары күпсөрдө, / Кур дедире куйду эле, / Аркасына сүмбөнү, / Майлык менен урду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →