майлуу
- Майы көп, майы арбын кошулган, семиз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жайдын күнү болгондо, / Айран- жуурат, каймак, бал, / Күндүз- түнү жегени, / Кысыр эмди азоотай, / Сүткө бышкан коозудан, / Кыштын күнү жегени, / Кеткен кызы, куыйма жал, / Майлуу уча, карчыга, / Сары май, бал, экчеме, / Боорсок, куймак, токоч нан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…н мейизди, / Ыгы менен салдырып, / Палоосун мыктап бастырып, / Бор койуна Токтосарт, / Кошо бата кылдырып, / Керчөөсүн кебеп бышырып, / Боору менен куйругун, / Майлуу боор кылып кесиптир, / Күмүштөн соккон бешилик, / Алып келип бердирип, / Коону менен дарбызын, / Торгоч, шабдоол, анжирин, / Алма менен анарын, / Алмурт, нашпу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Өзү соодагерликке жедеп бышкан, майлуу жердин жытын алыстан сезген, бир шум болсо керек деп ойлогудай.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →