майдан

китептерде 156 жолу, 9 китепте
  1. Көк чыккан аянт, эмгек жумшап көгөртүп-жашартылган жер.
  2. Согуш талаасы, согуш болуп жаткан жер, фронт.
  3. Маданий майдан. Эмгек майданы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Курчунду койбой эркине, / Маңгыт Калдык бурады, / Кара сакал Жанайдын, / Өтпөй калды сурагы, / Арзандык менен ал Жанай, / Кол сунса мойун сунабы, / Кандуу майдан курулуп, / Беттешер болду убагы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Башына туулга көмөргүн, / Сом темирин өңөргөн, / Далыга калкан жамынган, / Белине темир курчанган, / Беттеп кирсе майданга, / Чыгарчуудай күм талкан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ркы өсмүр жаштан деп, / Какырдын ташын казылтып, / Кумдардын көккө чачылтып, / Уландырып кармашты, / Былкылдатып саздарды, / Кезегинде Алмамбет, / Кеңири ачкан майданды, / Кытай, калмак, чубуртуп, / Манжу, заңын кошултуп, / Шибээ, солон, аралаш, / Топого канын жуурултуп, / Кагылышта хан өлүп, / Карапайым жан өлүп, / Каракулак … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыштын кыраан чилдедей, / Нечени турат сүлкүлдөп, / Тоосурдун оозун бурду эми, / Майданга келип турду эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Майданга орду каздырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →