майдала
- Кесек, келки нерселерди кичине бөлүктөргө бөлүү, майда түргө келтирүү, майда кылуу.
- Майда себелөө.
- Ири, чоңураак суммадагы акчаны майда акча менен алмаштыруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Тап, — дешип, / Карбаластап ашыгып, / Калдалаңдап шашылып, / Энтелешип бышырып, / Майдалап муну жедирди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…лайы мурда бас алаш, / Катарга кошуп келатат, / Жакыптын уулу жаш Манас, / Калка болгон алашка, / Манасты бөлүп таштасак, / Тепсегендей кырманды, / Кетер бекен майдалап, - / Бокмурун балан дегенче, / Бир жообун ачык бергенче, / Агыш, Түштүк, Керкөкүл, / Кедеңдешип элире: / — Манас келсе бул ашка, / Биз келбейбиз деди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Майлаган буудай жүздүү экен, / Ачуусу келсе кокустан, / Азырейил түстүү экен, / Кулагын көр калкандай, / Тийчүүдөй турат жалтанбай, / Кулжуңдашкан кишини, / Майдалап койсо эрки экен, / Чоңдугу төөнүн нары экен, / Толкуну көлдүн шары экен, / Салкыны сырттын жели экен, / Салышаар бенде ким экен, / Алышаар чама жок экен, / Биз…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кол жеткенин майдалап, / Бет келгенин найзалап, / Топтуу караан бар жерди, / Албарс менен кайсалап, / Астында жүрөт жол салып, / Бир башынан талкалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чычкан кырксын майдалап, / Милтеңди таштап койбосом, / Атканда эле коборбой, / Антташкан жоону сойбосоң, / Айтканымды кылбасам, / Менин Манас атым курусун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →