майда-барат
- Чоң эмес, олуттуу эмес кичине буюмдар, жумуштар жана анча мааниси жок сөз, пикир.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…п, / Батмачык, кескек кырсылдап, / Уйасын таппай жүгүрүп, / Ийленип калды жыландар, / Талкаланды таш бака, / Топонун көбү тоз болуп, / Таштын көбү кум болуп, / Майда-барат дөбөчөк, / Түзөлүп кетти жоголуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Самаркан, Ташкен,Маргалаң, / Анжыдан, Кокон, Наманген, / Атактуу шаарлар бул экен, / Майда-барат шаарлары, / Санаты далай бар экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кеңкула таштап Кененим, / Аралап кирсе көп жерин, / Сүрөтү турат кишинин, / Сап алтындан жасаган, / Жан жагында көп турат, / Майда-барат сандаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…лдан аралап, / Жыландар кайыш ийленип, / Кирпи-чечен, ташбака, / Талкаланып түгөнүп, / Кескелдирик, батмачык, / Кирерге тешик табалбай, / Амалы кетип куруду, / Майда-барат айбандар, / Келе жаткан адамдар, / Көтөргөн күрзү балбандар, / Миңди бирге санаган, / Илеги жоон сардардар, / Калк башкарган кат бийлеп, / Таажы кийген хандар …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…уулдап, / Улак тартып, кунан чаап, / Карылардын кылганы, / Чатыраш, кеште, кумалак, / Ойноп жаткан кезинде, / Эч нерсе жок эсинде, / Күн батыштан төө тартып, / Майда-барат соода артып, / Төөлөрүн чиркеп чубатып, / Айылдын наркы четине, / Кербендер келди кечинде, / Келип түштү бешимде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →