май1

китептерде 389 жолу, 10 китепте май 2 →
  1. Жан-жаныбарлардын денесине жыйналган, сууда эрибөөчү табигый органикалык зат.
  2. Малдын сүтүнөн алынуучу жогору сапаттуу азык.
  3. Өсүмдүктөн алынуучу азыктык май.
  4. этн. Пайдалангандыгы үчүн төлөнүүчү акы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өз кылганы күч болуп, / Нескара, Уушаң, Мурадил, / Кылычка каны майланды, / Алманбет уулу Күлчоро, / Нескарадай чоң дөөнүн, / Башын кесип байланды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ин, / Айтканыма жетпесем, / Найзага илип кетпесем, / Өзөгүңдөн жарбасам, / Өпкө бооруң албасам, / Бооруңду чокко салбасам, / Жүрөк каның ичейин, / Каныңа кылыч майласам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Нечен күңү бар экен, / Семизинен баса албай, / Май соорусу чайкалган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кебиңерди албайым, / Чычып койгон майакка... Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
– Сары майга бышырылган каттама болсо! Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →