мазмун

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Нерсенин ички маңызы; айтылуучу же билдирилүүчү негизги пикир.
  2. Китептин, чыгарманын идеялык-тематикалык мааниси.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Башынан ылдый көз салып, / Мазмунуна караса, / Тополоң салбай турушуш, / Жекеме-жеке урушуш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Ошонун жалгыз ооз сөзүн билбесем да, ысыкта мемиретип салган кайгылуу, заардуу, жетим обону менин жүрөгүмдү козгоп, анын мазмунун ошончодон жалгыз өзүм түшүнүп тургандай болом. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →