мазар
- Көрүстөн.
- Касиеттүү, колдоочусу, пири бар деп эсептелген сыйынуучу жай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ененим, / Сейитим менен Кылжыке, / Мурдагы өткөн алптардын, / Арбагына ататып, / Жеңдей жээрде Телкүрөң, / Биссмилла деп мууздатып, / Кестирип алып баштарын, / Мазарга башын чыгартып, / Эки күлүк күрөңдүн, / Эти жетпейт элге, деп, / Кыргыздан башка кишиге, / Кылайтып кесип бербе, деп, / Ата уулу кылып кыргызга, / Бир кесимден…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мазарым деп тийбеген, / Жанына жакын сийбеген, / Мунардай болгон чынарды, / Кененеим сууруп алганы, / Оң-тескери булгалап, / Аралап кирди буларды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Калмактардын эң карты, / Аны менен бир жүргөн, / Кыргыздардан бай Кошой, / Мазардын тоосун жайлаган, / Мал семирбей калбаган, / Казанда майы кайнаган, / Катагандын кан Кошой, / Бир күнү мындай ойлогон: / “Нуранын суусун атташпай, / Учурашып катташпай, / Кандай жатып алдым?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Шылдыраган мөлтүр суу, / Алтын булак күмүш суу, / Сыйынган мазар булагым, / Аркамда калдың кайыр-кош!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Машайык мазар дагы урсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →