магистр
- пед. Толук жогорку билимдин академиялык даражасы. Магистрдик даражасын университеттин же ага теңдеш жогорку окуу жайынын атайын программасын бүтүргөн, атайын экзамендерди тапшырган жана магистрдик диссертациясын ийгиликтүү коргогон бүтүрүүчүлөр ээ болушат.
- Байыркы Римде кызмат адамы (атчандар магистри). Византияда кызмат өтөгөн ак сөөктөрдүн жогорку наамы.
- Орто кылымдарда кээ бир жарандардын жана чиркөө мекемелеринин башчысы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.