магдыра
- Көшүлүү, үргүлөгөнсүп тынчтануу, ыксырап көшүлүңкү тартуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…төн чыкпай эки кол, / Араң басып чойулуп, / Өтүгүн алган өрдөнүп, / Бок дүйнөсү көбөйүп, / Көйнөгүн алган көөнү өсүп, / Көр дүйнөсү көл болуп, / Байпагын алган магдырап, / Баары асыл экен, деп, / Байанын айтып бажырап, / Кемерин алган эсирди, / Шок дүйнөгө жетинди, / Түлөөгө малы айдалды, / Көкжал шердин күмбөзгө, / Токсон суб…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Шаңшыбай бүркүт эшикте, / Ыйлабай бала бешикте, / Магдырап эмчек эмбеди, / Энекеси эмизсе.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сейитек менен Гүлчоро, / Суусуну канып магдырап, / Андан кийин Каныкей, / Оролто кармап мойундан, / Ар экөөнү шур жыттап, / Сейитекти жыттаса, / Семетейдин жыты бар, / Каныкей аңсап буркурап, / Аңгычакты зор Бакай, / Келип калды чукулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ — Ат арытып, тон тозуп, / Азык-түлүк мүлк артып, / Күндүз-түнү жол тартып, / Бармак элем Таласка, / Магдырап жаткан алашка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Эби келсе сени соёлу, жазында койду алып магдырап жатып каласың.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →