магдыр

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Күч, дарамет, маңыз.
  2. Жарашыктуу, келишимдүү, ыңгайлуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

берип олутун, / Которо берип конушун, / Күү менен өтө бергенде, / Оңтойуна келгенде, / Оң бөйрөккө болжолдоп, / Муштап өттү эр неме, / Бөйрөгүнөн кан кетип, / Магдыры качып шай кетип, / Чычкансурдун үстүнөн, / Томолонду далп этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…лай жүрүп Гүлүстөн, / Айкөл шердин күмбөзгө, / Караңгыда барыптыр, / Каңгырап боздоп кайран эр, / Катуу ыйлап салыптыр, / Эситжанын кыйнады, / Ээ дээрге калбай магдыры, / Көзүнөн жашы төгүлүп, / Эң эле жаман ыйлады: / — Атам айкөл шер Манас, / Ата конуш чоң Талас, / Бирге жүргөн жаныңда, / Алмамбет атам чын сырдаш, / Бала кез… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →