маарек
- Даңазалуу, шаңдуу деген мааниде. Айт майрамында бири-бирин куттуктаганда.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тийбегенге тийбеген, / Тийишип келген душманга, / Дегеле башын ийбеген, / Кой маарек улук Турдана.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эгин эксе ылайык, / Ысык экен жериңер, / Кой оозунан чөп албас, / Кой маарек экен элиңер, / Тарыбасын куурулуп, / Букарага пейлиңер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эл чогулуп эт жешти, / Кыйазга мындай кеп дешти: / — Маарек болсун тойуңуз, / Акундун кызы Чүрөктү, / Алабыз деп талашып, / Эл кырылып кан агып, / Эми келдиң сен алып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ — Оозуңду ач абаке, / Кой мааректи таптым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →