маани

китептерде 35 жолу, 8 китепте
  1. Нерсенин, көрүнүштүн кубулуштун, түшүнүктүн логикалык жактан шартталган ички мазмуну, акыл-ой менен түшүнөрлүк ички маңыз, касиет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күлүктүгү Жылбастын, / Мааникерден кем эмес, / Тулку бойу Жылбастын, / Тотучалык деги эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айтумушту чакыртып, / Чогулуп алып окушту, / Кат маанисин билишип, / Семетей жазган кат экен, / Эки түрдүү шарт экен: / “Кабар уктум чыгышта, / Кармап сойуп жепсиңер, / Киши келсе батышка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Буурултокой дегендин, / Түп мааниси бул экен: / Катыны мурда кызды тууп, / Андан кийин уул тууп, / Жалгыз Жакып турмайлык, / Угузкандан тараган, / Атагы алаш элине, / Арка болор муун тууп, / Буур… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жол маанисин менден ук, / Менден уксаң, бейлеп ук, / Калет келсе кантейин, / Атаңдын көрү дүйнө бок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Сөздүн маанисине түшүнгөндөн кийин Шааысмайыл жолуна түшүп кете берет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →