маанекте
- Баш калка кылуу, колдоо издөө, колдоочу, жактоочу табуу, караан кылуу, калканч кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Таштап берип үй-жайды, / Оокат-түлүк, бар малды, / Бадалдарга жашынып, / Маанектедик сай-сайды, / Ыйлатпастан көтөрүп, / Бешиктеги балдарды, / Төшөгү менен көтөрдүк, / Кемпир менен чалдарды, / Ушинтип жүрүп курган эл, / Өлбөгөн тирүү жан калды,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Кепечелик үйү жок, / Керилип жатар төшөк жок, / Тарсылдап мөндүр урганда, / Маанектерге үңкүр жок, / Каран күн башка түшкөндө, / Каргадай жалгыз жолдош жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Таласка барсам мен мындан, / Ойлоп калар бекен дейм, / Таласка келген турбайбы, / Менден коркуп маанектеп, / Кол түшкөн жерге баралы, / Бир түн мейман болушуп, / Эртең жөнөп калалы, / Канча күндүк жол келер, / Мен билбеймин чамасы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →