маанала
- Далда, калканч издөө, баш калкалоо, коргоо издөө.
- Жөлөк кылуу, аркалоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргызда айдап көчүрүп, / Ала-Тоого өткөрүп, / Жерин тартып алганда, / Кара сакал Жанай деп, / Бир бөлүмдүн ханы экен, / Ары качып чыгышка, / Деңиздин бойун мааналап, / Туруп калган чагы экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…й, / Коросондун элине, / Мурункудай ээ болуп, / Калдайып карап туралбай, / Аманат жанга күч келип, / Минген атын камчылап, / Алчыланып барганда, / Баш калкалап мааналап, / Барбай койор айла жок, / Бастырып кирди туралбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алмамбет, Чубак, Сыргагың, / Башын катпай мааналап, / Ак калпак кыргыз эл үчүн, / Атышып жүрүп өлгөнүн / Үйдө жатып өлгөндөн / Жакшыраак деп турамын, / Эл чогулуп көмгөндөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айтып Тапак барбактап, / Жүгүрүп келип дардактап, / Далысында калганы, / Казанбактай калдактап, / Белин ийип бүгүлүп, / Башын ийип жүгүнүп, / Муну көрүп Тапан хан, / Карап турат бир четте, / Кара жандан түңүлүп, / Муну мындай таштайлы, / Тапан хан менен канчыктын, / Куткарбасты мааналап, / Кеткенинен баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айдалып чыккан Чачыкей, / Камышка барат мааналап, / Көлөкө бербей камыштар, / Эттерин тилет чапкылап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →