маанай

китептерде 10 жолу, 6 китепте
  1. Кабак-каш; көңүл, пейил.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Муңгул, манжу биригип, / Хакан менен кас болду, / Муңгул менен манжуга, / Ар жылы берип алымды, / Маанайы какан пас болду, / Кантондогу Эсен хан, / Каканчынга баш болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Мурун кыргыз, калмактан, / Маанайы жаман пас болгон, / Баштан-айак калмактар, / Бул кыргызга кас болгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…жер сары кум болсо, / Сапырылып чаң болсо, / Адамдары алты түр, / Айдап келер көп болсо, / Ак кишиси азыраак, / Куткарбаска касыраак, / Кара беттүү киши көп, / Маанайы анын басыраак, / Сары кишиси баары сак, / Куткарбастын артынан, / Сандап чыгат сап-саптап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…барбай үйүнө, / Биздикине келди эле, / Керээз кебин калтырбай, / Төштүккө айтып берди эле, / Кенжеке жесир, Жоодар жаш, / Туш-тушумдун баары кашс / Жесир катын маанай бас, / Кыйналып жүргөн кезимде, / Алымды сурап Семетей, / Эки сапар келди эле, / Изин издеп эринин, / Келиптир айаш келиним. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Маанайы бийик адамдан, / Манас менен ойнобо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →