маалым
- Белгилүү, тааныш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бастырсам жалгыз бекер, деп, / Баш бербей тепсеп келер, деп, / Бабасынан бер жакка, / Баарыга маалым кызыл туу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
– деп, / Улам Чыңгыш торгоду, / Балта айтып Жакыпка, / Маалым эле башынан: / “Манас минчү бир ат бар, / Өзү сары кула тай, / Ырысына уулуңдун, / Душманынан табылар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мурундан агып чубуруп, / Карап турган көпчүлүк, / Коркконунан кудайлап, / Качканы да кудай дейт, / Кууганы да кудай дейт, / Жер бетине маалым кеп, / Кош колдоп кармап жакасын, / Сүйүнсө да кудай деп, / Күйүнсө да кудай деп, / Кудайлаган нечен жан, / Кудайдын атын түк билбес, / Нечен миң аскер колбуга…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сейитекти Семетей, / Мына бу бала ким, деди, / Эр Гүлүстөн ошондо, / Жоопту мындай жиберди: / — Сен кайып болдуң абаке, / Мен кайып болдум ал жерде, / Өзүңө маалым ашкере, / Ошол жылы жеңемдин, / Бойунда калган бала эле, / Азап менен туулду, / Ат койбой үч жыл бул турду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Киши колдуу болуп өлгөнү, жок өз ажалынак ооруп өлгөнү маалым эмес: кийин Ыйманкулду өлдү деп уктум.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →