маал
- Мезгил, убакыт, учур.
- Жолу. Бир маал, эки маал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эл көчүп барчуу жайлоого, / Кеңири жери мында жок, / Күзүндө барчуу кыштоого, / Деги маалы болгон жок, / Эмне үчүн ак чыйыр, / Кандай болуп калды?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Хан Бакай менен кырк чоро / Агыткан атын жайлоого, / Кезек менен барышып, / Күндө бир маал жоктоодо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эки күндө жеткиргин, / Кайыпчыга маалында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Той берүчү, аш берчү, / Маалы элдин болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Булар ушинтип жатканда мен бир кендир көтөрмөнү алдым да күндөгү маалды көрүп, отунга кетип калдым.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →