лөк
- Бир өркөчтүү нар төөнүн эркеги.
- өт. Өтө күчтүү, бакыбат, балбан адам.
- Бийик даражалуу кадырман адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Айры өркөчтүү лөгү бар, / Жону туйук нары бар, / Төрт түлүк малдын баары бар, / Алтымыш уруу алашта, / Артыкча кыргыз, казакта, / Жардысы жок баары бай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эки булчуң жарылып, / Салаалаган кан агып, / Эч болбосо бир эмес, / Эки колдон тең агып, / Кызыл лөктүн үстүндө, / Терекбай турат далдайып, / Өпкөнүн каны түгөнүп, / Жыгылып калды дардайып, / Өзү айбан кызыл лөк, / Өнөрү малдан бир бөлөк, / Башын жерге салганы, / Оозунда тиши шакылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кулпу салчу төңөлүк, / Көзөөсүз туйук болуптур, / Аны Кошой абабыз, / Көзөөлүү кылып ойуптур, / Жетпей кыска болгондо, / Узатып Чүрөк чойуптур, / Кара лөк кому жерде экен, / Гүлүстөнүм комдоду, / Сейитегим уктачу, / Керебет алтын болгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Калмактан Коңур козголду, / Эл тааныган эренден, / Отуз эки алп болду, / Санаты жүз лөк кол болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Көз көрүнөө курутту, / Кылганын көргөн кылым журт, / Кара лөк атка койушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →