лып
- Тез, бат, дароо (жеңил, элпек кыймыл-аракет жөнүндө).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чоң чокморун колго алып, / Ай балтасын кошо алып, / Кылыч менен найза лып, / Сом темирин дагы алып, / Эн темир менен канжарды, / Унутуп калбай аны алып, / Колунсакка ок салып, / Мүрүгө илип жааны алып, / Чарайнасын тартынып, / Калкан…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошондо кайдан-жайдан жеткенин билбейм, бир кезде асмандан далпайган бир жору тик ылдый шорголоп түштү да мен кыйкырып жеткиче болбой, мындай узап, жайылып бара жаткан каздын бир баласын лып этип илип алып, шып этип атып чыгып кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— деп жанындагы чаканы лып алып, мага кармата койду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Не керек, баятан берки сөздөр окуган балага кенедей таасир эткен жок, кызыл атты токуп, лып этип минип алды да, Каркыраны көздөй кеткен улуу жолго салып, качкын кууп бараткандай үстү-үстүнө камчылап, зымыраган бойдон заматта көздөн кайым болду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бурчка тынч отуруп алып, чычкандарды өткөрүп жиберет да, эң акыркы чычканды лып басып калып жеп коет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →