локуй

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Абдан чоң, күрсүйгөн көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жолу каткан доңуздун, / Бетинен каны жошулуп, / Камчы саптай шырылдап, / Топуракка кошулуп, / Туулга жок жылаң баш, / Коборгон таштай сокуйуп, / Карап турат кеңгиреп, / Кара бойу локуйуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Канчородон кеп угуп, / Жана иш бар деп угуп, / Жөнөп кетти Сетертай, / Куйун тайды токунуп, / Коргонго кирип чоң Кыйаз, / Семетейдин ордуна, / Олтурду чыгып локуйуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →