лепилде
- Закым жүргөндөй жеңил зыпылдоо, закымдагандай согуу (мис. жел).
- Ыпылдап-шыпылдап элпек кыймылдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…луп, / Турган жери кыргыздын, / Кара какыр чөл болуп, / Кыбыладан сурданып, / Булут чыгып бууланып, / Шамал болуп аркырап, / Бир жагынан закымдап, / Ысык чыгып лепилдеп, / Дымык болуп тер агып, / Кар бузулуп аңгыча, / Жер кайкаган сел агып, / Үстү көбүк буу болуп, / Айласын таппай кыргыздар, / Ичинде ызы-чуу болуп, / Аттын баа…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ен жан, / Ардактуудан экөө өлүп, / Арданганы мамындай, / Жетик туулган Көкбука, / Найзаны таштап жиберип, / Балтаны кармап имерип, / Качырып кирди тартынбай, / Лепилдеп ысык от жанып, / Көргөндүн баары таң калып, / Ачууланып Акы дөө, / Алда канча каарданып, / Камынганы балта чаап, / Жаза чапса кумду чаап, / Тийсе балта башына,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →