көөн
- Көңүл, пейил.
- «Өз көңүлүң», «эмне кылам десең өз эркиң, өз каалооң» деген мааниде колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өлгөндөрдү кум менен, / Кишиге киши кол менен, / Кектүүнүн кегин чыгарсаң, / Калгандын көөнүн агартсаң, / Мындан кийин тийбеске, / Убаданы бек кылсаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Отордун келе жатканын, / Көрүп турган Торгойдун, / Көөнү миңге бөлүндү, / Көзүнүн жашы төгүлдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Акыл ойлоп арбытып, / Арстан Кенен көөнүндө, / Алдында минген Кеңкула, / Айбан жетпейт так буга, / Коргонду карай жөнөдү, / Камчы берип бууданга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Короодон кетпес мал экен, / Кардыгач минип жүрсө, деп, / Көөнүмө кетип калды эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мен билгенде сеники, / Көөн оорур жериң жок эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →