көөкөр1

китептерде 32 жолу, 6 китепте көөкөр 2 →
  1. Жылкы, төө терисинен жасалган, суюктук куюп пайдаланууга ылайыкталган мойну ичке, түбү жазы идиш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кененимге барып кел, / Кесип башын алып кел, / Көөкөргө канын куйуп кел, / Жүрөгүн кошуп сууруп кел, / Ак калпак кыргыз дегендин, / Заманасын кууруп кел, / Бар дебедим Асылга, / Мындан мурун сени мен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Токочтун саны жүз сексен, / Тойбоймун арзан мен жексен, / Ооз оту болор жерим жок, / Жүз сексенди мен жесем, / Атан төө сойгун, уй сойгун, / Ага кошуп кой сойгун, / Чочко сойгун, ит сойгун, / Алты күнгө дайарда, / Арактан алты көөкөрдү, / Азыр ичем экөөнү, / Тамакка кошуп төртөөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Дешип баары сүйүнүп, / Жүгүрүп үйгө киришип, / Сасык айран, көк иркит, / Бирден жутуп ийишип, / Көөкөрлөрүн карашып, / Арак ичип суусунга, / Жогу бардан сурашып, / Баарысы айтып Манасты, / Бабырашып чуулашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Хан Коңурбай чоң Калча, / Алтын найлуу жез канжа, / Туура тиштеп ошондо, / Суудан жылкы сугарып, / Субайын бөлүп чыгарып, / Көөкөрчө кылган чоң күпсөр, / Көт жагында шалп этип, / Жуурканына жамынып, / Бурканына жалынып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Көөкөрү менен сабаасын, / Байлар жакшы кылдасын, / Саамал берип кымызды, / Келгендер шылдың кылбасын, / Кыйыгы чыкса кем-керчиң, / Каралөктүн Сомбилек, / Жаныңды кыйып тынбасын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →