көөдөктүк

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Көөдөк мүнөздүүлүк, ала көөдөндүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көөдөктүгүн билиптир, / Көзүнөн жашы чыккынча, / Көкжал Алма султаның, / Көп эле кыйла күлүптүр: / — Айланайын Чубаке, / Акыл ойлоп тапкын, — деп, / Этин шилий чапкын, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Башка кирбей оозуна, / “Манастап” ураан чакырып: / — Көөдөктүк кылып Жетилбай, / Тостуруп элге койупсуң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Көңүлүмдүн кири жок, / Көөдөктүгүм чын билсе. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Душманды Семең элебей, / Мунун көөдөктүгү ченебей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →