көөдөк

китептерде 14 жолу, 5 китепте
  1. Көтөрүлүп, мактанып кетме адаты бар, аркы-беркини билбеген мактанчаак, опурулма, ала көөдөн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көөдөктүн угуп айтканын, / Көкбөрү көөп жатканын: / — Жалган айтпай чын айтың, / Барганың деп мен айттым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көөдөк Чубак эр эле, / Басса-турса бир болуп, / Манас менен тең эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күмбөздөн кайдан ийменди, / Баатыр көөдөк эмеспи, / Кулпуга колун жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…шту: / — Башка жактан киши жок, / Бардыгы биздин эл экен, / Барасыңар кайда деп, / Кеп сурасак, кылчайып, / Жооп берген киши жок; / Байларың жүрөт чардаңдап, / Көөдөктөр жүрөт дардаңтап, / Ары–бери чапкылап, / Чаңданы жүрөт салбаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Башаламан барбаңдап, / Ала көөдөк Канчоро, / Манжу менен жапанга, / Аралап кирип кетпесин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →