көө
- Көмүрдөн, түтүндөн, оттун кыпындарынан пайда болгон ыш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Арам кыйал кара ниет, / Байлоодогу Бактыбай, / Башын кесип алам, деп, / Чаначтай көөп дардаңдап, / Таноосу батпай барбаңдап, / Манжу Бодоң баратат, / Мен кесейин башын, деп, / Жедигердин Кара көз, / Бир жагынан келе атат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ачуусунан айбандын, / Оозунан көбүк чачылып, / Үнү күндөй күркүрөп, / Уккан кепке ачынып, / Көзүнөн жалын от жанып, / Таноосу көөп дердеңдеп, / Сакалдары байпаңдап, / Чылбырдай болуп чубалып, / Саамай чачы салбаңдап, / Жарты көлдөй жылтырап, / Маңдайда көзү алаңдап, / Арбашып жаткан жыланд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ “Ханга жагып кетти – деп, / Билди кеңеш кепти” – деп, / Аз сандуу ордо адамы, / Ичтери көөп тарсайды, / Көрүнөө алы келе албай, / Көргөзүп кастык кыла албай, / Эч жеринен ойлонуп, / Кенедей өөн таба албай, / Намысты таштап ыргытып, / Жалаа жабат уйалбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тиги турган Сетертай, / Ордонун башы болгондо, / Бийик өкүм колунда, / Экөө бирге турганда, / Дагдаарып көөп кетпеди, / Ойунда сактап бул жүрдү, / Айчүрөк айткан кептерди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Өлүгүн мунун кектебей, / Ошентип көөмп тыналы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →