көңө

китептерде 11 жолу, 7 китепте
  1. аңч. Бүркүттүн таноосу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…тып ийип аскерди, / Качып мындан жөнөйүн, / Тирүүлүгүм канымет”, / Деп ойлонуп кара нээт: / — Баатыр Асыл, кеп айтам, / Кебиме кулак сала алсаң, / Айткан кепке көнө алсаң, / Канча күндөн бер жакка, / Карчашта жүрүп калганда, / Кардым ачып кайышып, / Кабырга сөөгүм майышып, / Сени менен тең жүрөр, / Калбады алым алышып, / Ч… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ — Аттанбай тура тургун, — деп, / Гүлүстөн аны токтотуп, - / Бул сапар атка минесиң, / Мүшкүлгө далай көнөсүң, / Ата бабаң баспаган, / Арбын жолду көрөсүң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алгараны Коңурбай, / Бир бакса салып өндүргөн, / Бир аттатып көндүргөн, / Эки бакса өндүргөн, / Эки аттанып көндүргөн, / Алтымыш дубал-там бакса, / Көнөт атты аттатса, / Аны билбей оолугуш, / Ай, төрөм, ушул мастык да! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ — Менин айткан кебиме, / Көнөсүңбү, Тапан хан, / Көнбөйсүңбү, Тапан хан? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Буга мен салгандан көнө койбой: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →