көңүлсүз

китептерде 5 жолу
  1. Көңүлү жок, көңүлү келбеген, көңүлдөнбөгөн, кызыкпаган түрдө.
  2. Көңүлү ачылбаган, түнт, капалуу.
  3. Кызык эмес, кызыгы жок, жагымсыз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Көңүлсүз, киши эриге турган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Талаа көңүлсүз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Мага да көңүлсүз болду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кайта мен да ичимден ошолордун келишин тилеген кишидей алар келсе ушул көңүлсүз, сур өмүрдүн жымжырттыгы чакчелекей бузулуп, өзүм эки таалай жолдун бирине түшүүчүдөй болуп, алда кандай бир белгисиздикке көңүлүм толкунданат... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →