көңдөй

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Бир нерсенин ичиндеги, астындагы боштук.
  2. өт. Акылсыз, эссиз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өтө берген күү менен, / Өрөпкүгөн Шалкымат, / Темир тону калдайып, / Арка этеги чочконун, / Көндөй болуп калыптыр, / Көрүнүп калган көчүккө, / Көк жалын найза сайыптыр, / Найзанын учу аралап, / Жүрөгүнө барыптыр, / Көмөлөтө сайбастан, / Көтөрүп көк жал алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көкчөнү көрүп жүргөнсүң, / Көп сырларын билгенсиң, / Атакемдин бул уулу, / Көөлдөгөн эр эле, / Көңдөй челек эме эле, / Абыдан, Алмам, ойлоп көр, / Айткандарым калп беле? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жан алучу Сейити, / Карап турса маңдайда, / Көөнүн бөлүп эркекке, / Көңдөй болчуу кыз кайда? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →