көң
- Малдын тапталган (көбүнчө отун катарында даярдалган) кыгы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Лопнурдагы кыргызды, / Үч жылы катар талапсың, / Кызыл канын агызып, / Кылычтын канын жалапсың, / Кулдантыпсың уланын, / Көң кылыпсың жубанын, / Сен кылгандай мен кылып, / Тегиз тоодой элиңди, / Талап алып тынайын, / Талкалайын шаарыңды, / Кетирейин арыңды, / Кескилетип өлтүрүп, / Ке…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Падыша Манас баш болуп, / Өзү он бирде жаш болуп, / Көңтөйдү сайып алганда, / Шоорукту сайып салганда, / Алооке, Калдай качканда, / Соксо, Сотой, Калдайды, / Катары менен басканда, / Кангайды карап бет алып, / Түн катып Дөөхан качканда, / Качып барып Панус хан, / Ташкенге башын катканда, / Катарда тажик бар бекен?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кектүүңөр алдың кегиңи, / Чайкадың калмак элини, / Көңтөйүн сайып жыктыңар, / Оморуп моңгул белини.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аскерге кармап алыптыр, / Көңтөйдөн качкан калмактар, / Арызын айтып Шоорукка, / Туткунга түшүп калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Туулуп Манас Алтайда, / Жашы онго чыкканда, / Калба салып Кангайга,- / Алооке, Шоорук, Калдайга, / Дөөкан, Панус - хандарга, / Көк ойдуңда эр Манас, / Көңтөйдү сайып алганда, / Артынан келген кошуун жок, / Тараган калмак ар кайда, / Алты жылга калтырбай, / Айтылган ошол жерлерде, / Калмакка катуу тийди эле, / Коржоңдо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →