көшөр
- Көктүк кылуу, көгөрүү, өз билгенинен кайтпоо, өжөрлөнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Келген элдин кандарын, / Баарын билдим аларын, / Каңгайдан келген Саранжа, / Жедигердин Каракөз, / Коросондун Тетеси, / Испандан Салаа дегени, / Тажиктердин Көкбөрү, / Өзү чыгып Асылга, / Айанбастан көшөрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Он жети кабат кызыл там, / Салган үйү бар, — деди, / Адамдын алы келе албайт, / Кудайдын үйү ал, — деди, / Кетпеймин деп Чыныке, / Көшөрүп кыйла чыр кылды, / Чыныке болбой койгондо, / Колуна салды чынжырды, / Шишеге куйган суу кылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кылганына Коңурдун, / Кыраан Манас көгөрүп, / Жайнап жаткан калың кол, / Алмамбет айткан терең ор, / Баарын эстен чыгарып, / Коңурбайдын артынан, / Кууп кирди көшөрүп; / Кайра качты Коңурбай, / Качырышып беттешип, / Кайрат кылып тура албай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өлгөндү көрүп өчөшүп, / Каптап кирбейт өмдөшүп, / Өлгөндөн өөдө менмин, деп, / Сомбилек менден өлдү, деп, / Бирден-бирден келишет, / Бирден жарак көтөрүп, / Жан алычу периште, / Жанын ага тапшырып, / Сомбилек турат көшөрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Мен да көшөрүп алдым.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →