көшү

китептерде 12 жолу, 6 китепте
  1. Бүткөн бою магдыраган, балкыган, тынч алып мемиреген же уйкусурап каалгыган абалда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бастырды топтон бөлүнүп, / Баса элек төөдөй көрүнүп, / Көшүгөндөй күлүңдөп, / Көзү көрбөй күүгүмдөп, / Келе жатат бадырек, / Келгин суудай күдүңдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Дөңдөгү жалгыз өзүмө, / Таазим кылып көшүлө, / Айбанат тарп алганы, / Алиги турган жолборсум, / Ак туйгун болуп калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көшүгөндөй күлүңдөп, / Көзү көрбөй күүгүмдөп, / Чыдабай чочко сүрүнө, / Адам бакпай түрүнө, / Жапандакы жапа айбан, / Жашынды жердин түбүнө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Көзү көрбөй күүгүмдөп, / Көшүгөндөй күлүңдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Айлана көшүгөндөй момурап жымжырт тартып турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →