көчө1

китептерде 64 жолу, 10 китепте
  1. Калк отурукташкан жерлердин (шаардын, айыл-кыштактардын) эки жээгине катар-катар үйлөр салынып, ортосунан жол өткөрүлгөн узун тилкеси.
  2. Үйдүн сырты, тыш жак, жалпы эле үйдөн сырткары болгон ачык жер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…/ Токтоо кылбай жеткени, / Тобун бузбай Кененим, / Тоздуруп тонун өткөнү, / Мен-мендеп киши келе албай, / Көрүп турган Дабытай, / Кол салышып чыга албай, / Тар көчөнү бет алып, / Качып чыкты Дабытай, / Акыл айнып көз тунуп, / Шашып чыкты Дабытай, / Кайда барып турарын, / Абдан анык биле албай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
- / Деп күүлөнүп күжүлдөп, / Көк камандай күркүрөп, / Айжаңжүндөн кайраты, / Артылып ачуу айбаты, / Алтымыш миң аскерин, / Дүркүрөтүп айдадаы: / Барабан уруп, баң тартып, / Көчөнүн ичин чаң басып, / Олчойуп жөнөп калган кез, / Айжаңжүн кошо аттанып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көчө кылып чубуртуп, / Кыдыртып койду элди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ал бир күнү мага көчөдөн жолугуп: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Баланын курсагы ачып, кайда барарын билбей, көчөнүн боюндагы теректин түбүндө алсырап отурса, бет алдынан аргымак ат минген, сонун кийинген, мурутун чыйраткан мырза жигит бастырып өтүп баратат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →