көч2
- Конуш же орун которуу үчүн бир жерден экинчи жерге карай жүктөрү менен жөнөө, жол тартуу, барып орношуу.
- Бир жерден экинчи жерге которулуу, жылуу.
- Кулап, урап кетүү, жемирилип, урап отуруп, мурдагы калыбында болбой калуу.
- Жүрүү, ордунан жылдыруу (шахмат, шашка, тогуз коргол оюндарында фигураны, ташты бир клеткадан же бир уядан экинчисине жүрүүгө карата айтылат).
- Класстын, курстун ж.б. кийинкисине, жогоркусуна карай өтүү.
- Мурдагыдан башкача болуп өзгөрүү, башкага айланып кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ердеп жүргөн кыргызды, / Моңгул айдап чапканда, / Ойноп жүргөн балдардын, / Шилисинен тизмектеп, / Тал башына асканда, / Алтай менен каңгайда, / Кыргызда айдап көчүрүп, / Ала-Тоого өткөрүп, / Жерин тартып алганда, / Кара сакал Жанай деп, / Бир бөлүмдүн ханы экен, / Ары качып чыгышка, / Деңиздин бойун мааналап, / Туруп калган …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Туйгузбай көчүп чоң байдан, / Капалга кетти алты бай, / Алты байдын казак деп, / Капалда бүгүн дагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Же жабыла көчүп чуркурап, / Жамандыкты тилейби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ай эсептеп, күн санап, / Болжоп жүрүп Орусхан, / Таласка келип конду, деп, / Канчоро менен Кыйазды, / Талкалап такыр болду, деп, / Айткан эле биздерге, / Гүлнарды алып көчүрүп, / Келатабыз бул жерге”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Алда Көчкүн ай, аны эмне кыласың эми кыйнап.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →