көтөрүлүш

китептерде 1 жолу
  1. Таптык жана улуттук кызыкчылыкты коргоо же болбосо эски коомдук түзүлүштү кулатып, жаңы коомдук түзүлүштү орнотуу максатында бийлик жүргүзүп турган эзүүчү тапка каршы эмгекчи масса тарабынан жүргүзүлгөн куралдуу күрөш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Бу жолу кыргызда булкунган катуу күч — калың букара-кедей, батрак, орто чарбалар болуп, көтөрүлүш-түн тизгинин баштаган да ушулар эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →