көтөр
- Мурунку ордунан өйдөлөтүп, бийиктетип, көтөрүлгөн абалга келтирүү, колго алуу.
- Өзүнө (аркасына, ийнине ж.б.) жүктөп, бир жерден экинчи жерге ташуу, жеткирүү же алып жүрүү.
- Көтөрмөлөө, колдоо, өстүрүү, жогорулатуу.
- Куруу, тургузуу, тигүү (дубалды, боз үйдү ж.б.).
- Ишке, кызматка, бийликке коюу, дайындоо.
- Кош бойлуу абалда болуу.
- Бийиктетүү, катуулатуу (мис. дабышты, үндү).
- Чыдоо, туруштук берүү, көнүү, моюн сунуу, терикпөө.
- Бир нерсенин милдетин, ыгымчыгымын ж.б. моюнга алуу, өзү бүтүрүүгө, өз мойну менен тартууга макул болуу.
- Аякты, рюмканы ж.б. колуна алып, ичип жиберүү, тостту алып коюу.
- Колундагы нерсе менен уруп, чаап жиберчүдөй тап берүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ачууланып Бекбача, / Өзүңдү өзүң көтөрүп, / Мактанбагын сен анча, / Бойуң тоодой болсо да, / Мен турганда сен канча?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
- / Деп сүйлөнүп Жаңжуңга, / Көтөрүлүп өзүнчө, / Куу чаптар менен жөнөдү, / Карааны тоодой көрүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Элден азып сен кеттиң, / Айчүрөктөн башкабыз, / Баш көтөрбөй сенделдик.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ушунун обонунда бир терең сыр бардай, кечке жакын сайды жаңыртып салган эркин обону менин жүрөгүмдү козгоп, касирет-кайгыдан бошотуп, алдакайда көтөрүп сергитип таштачу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Түлкү куйругун буландатып, тумшугун жогору көтөрүп:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →