көсөм
- Кой-эчкилерди башкарып, баштап жүргөн эркеч, теке.
- Көптү көргөн, көптү билген даанышман, акылман, жол башчы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Нары жагы жандоокум, / Ар канча көсөм болсо да / Аттын изи табабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көсөм тууган Семетей, / Жетип келди шашылып, / Каржиликтин булчуңга, / Урду найза качырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Коңурбай кебин укпады, / Жаңжүндөр айтып турганы: / — Эсенхан, көсөм атабыз, / Дооруңда дуулап жатабыз, / Өзүңдөн буйрук болгондо, / Өлүмдөн кантип качабыз?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…лушта, / Кан чачышкан урушта, / Кандим болгон кайран эр, / Жаралуу болуп көп жолу, / Жабыркап чаңдан жаткан эр, / Көрпайлыктын айынан, / Көп иштерге жолугуп, / Көсөм болгон баатыр шер, / Кемпирдин түрүн карады, / Кеп чачын толук байкады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Көк болотун дат алган, / Көсөм болгон сойулгур, / Ак болоттон дат алган, / Арам өлгүр сойулгур, / Сүзүп барат ыргыштап, / Суу үстүндө кыйкаштап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →