көрөгөч
- Көрөнөөк, көзү курч.
- өт. Аркы-беркини мыкты баамдагыч, кыраакы, билгич, көсөм.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргыздардын элинде, / Нечен түркүм киши бар, / Ошолордун ичинде, / Көкүм деген бар эле, / Көрөгөчтүн бири эле, / Жок жоготуп мал карап, / Дабытай жаткан жерине, / Утур келип калды эле: / “Жатып -копкон бул жерге, / Өтө балбан киши, — деп, / Көңүлүндө бар экен,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көрө койуп кароолчу, / Кылт этип кирди бир аңга, / Көрөгөч Бозуул турабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көрөгөчтөн ылгашып, / Көрүп кел деп жумшашып, / Көздөрүнөн жаш агып, / Сакалдарын ыргашып, / Кары менен кармаса, / Бойу бойго тирелип, / Буту тийген жерлери, / Нак буурус…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кырып, жойуп Кангайды, / Айдап жүргөн Алыбай, / Кеңеште бар Алымбай, / Кырктын бири Кутунай, / Булардын бийи Ажыбай, / Көрөгөч Күлдүр, Жайсаңды, / Мелжеп туруп жаа тартты, / Белдүүсүнөн кыргыздын, / Бешөөнү катар сулатты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көк кепиш бутта кыйчылдап, / Көрөгөч көзү жылтылдап, / Басып чыкты суйкайып, / Элечек башта койкойуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →