көрө2

китептерде 472 жолу, 10 китепте көрө 1 →
  1. Чыгыш жөндөмөдөгү сөздөн кийин айтылып, «буга караганда», «буга салыштырганда» деген маанини билдирет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жапандан алат жасоолду, / Аралдан алат адамды, / Ар кайдан табат андайды, / Аралап кирип четиңден, / Айабай бүлүк салбайбы, / А, көрөкчө бурутту, / Койбой талап алалы, / Капка тигип жанайлы, / Коктукат алып баралы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ат берели, Алмамбет, / Биз жөө бассак да көрө, / Алп Жамгырчы, Балта дөө, / Сурап келсе бул экөө, / Бербей койор айла жок, / Сынчыны берди экөөнө, / Сынчыны алып келишип, / Беш жүздөн миң ат беришип, / Аттанып булар жөнөдү, / Жарлык ушул жүр дешип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Байкап турса Карадөө, / Башын салып аскада, / Ортодо чыкты бир адам, / Тигилип тиктеп караган, / Акылынан жаңылган, / Тиштери аппак жаркыган, / Айдай беттен нур тамган, / Бар сайманы алтындан, / Күн чагылып жаркыган, / Тик багып адам көрө албайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Солдатка кетсек, биз көрөт экенбиз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Андан көрө мына бул өзөнгө барсаң Чоң Боз Бээ баткакка тыгылып жатат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →