көрүнгөн

китептерде 105 жолу, 10 китепте
  1. Ар ким, ар нерсе, көзгө илинген.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Дегенди сурай калды эле, / Конушбай айтат ошондо: / — Тээ алыстан көрүнгөн, / Жайылып жаткан жалтырак, / Лопнурдун көлү эмеспи, / Ушул турган белибиз, / Алдайгырга ашуучу, / Чиндилдин бели эмеспи? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кай кеткенин билбеймин, / Үч-төрт күн болуп баратат, / Көрүнгөн жок карааны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Андан бери карасам, / Кара тоо турат калкайган, / Жондор-жондор дүңкүйүп, / Кыраандары арсайган, / Ортосу саргыч көрүнгөн, / Тоолору турат жалпайган; / Андан да бери карасам, / Катар-катар тамы бар, / Калың эмес, жок эмес, / Орто-карта багы бар, / Айландыра карадым, / Айра биле ал… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Толгой баскан жеринде, / Топурак топ-топ үйүлгөн, / Каңтара баскан жеринде, / Казан каптай кара чым, / Аңтарылып көрүнгөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Көрүнгөн жок эч караан, / «Келбей калган окшойт» — деп, / Кыйазга айран калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →