көрүк

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Темир усталардын териден жасалган от үйлөткүч шайманы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Калмакка казак аралаш, / Жүрүчү элең чамалаш, / Бир төрдө коңшу болчу экен, / Желе тартып, бээ байлап, / Көрүктүү, Капал, Алтайды, / Жүрүчү элек тең жайлап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ А көрүктү, Кубатай, / Чигитей менен беттешип, / Сыр чечишип кептешип, / Жедигерди экөөбүз, / Бөлүп алсак эп экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Чапканына чыдабай, / Чандан уста кырылат, / Көрүгүнө чыдабай, / Көп букалар сойулат, / Көмүрүнө чыдабай, / Көөнө токой жойулат, / Сугатына чыдабай, / Көлдүн суусу соолот. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көрүктүүдөй бөксөнү, / Хан Манаска келиптир, / Учураша көргөнү, / Көкчөкөз дайнын сурады, / Көргөнүн айтпай турабы: / — Көзкамандын Көкчөкөз, / Айжаңжунда ушул кез, / Айжа… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жер пийаз, согон жыттанып, / Көк чечекей, гүлепше, / Күндү карап ыктанып, / Аркар оту, бозунач, / Сасыгансып жыттанып, / Жапа жай менен мамыры, / Жыты адамды аңсатып, / Уй шилекей мөлтүлдөп, / Оозуна салсаң бал татып, / Кеңкол ата чоң Талас, / Көрүктөнүп чалкайып, / Алатоо турду көрүнүп, / Асман тиреп заңкайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →