көрсө

китептерде 427 жолу, 10 китепте
  1. Бир нерсенин жөн-жайын, эмне экенин аныктоо же болжол кылуу маанисинде айтылуучу киринди сөз катары колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

билемин, / Котендеги Козубек, / Азыктагы Алабек, / Жеркендеги Малабек - / Баары кары какчайган, / Сакалы аппак саксайган, / Жамандык келбейт колунан, / Байкап көрсөк алардан, / Ысыккөлдөн Медербек, / Анда турат далай кеп; / Казактардын Курмушу, / Алматыны сактаган, / Атагы бар эр ушу; / Таластагы Татыбек, / Кашкардагы Турда… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Колуңдан келсе айанба, / Өз колуңдан келбесе, / Болбосту менден сураба, / Кечирим кылар жерим жок, / Ойлоп көрсөм мен сага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сыйкырдын баары төгүлдү, / Тордон Сыргак бөлүндү, / Байкап көрсөм Сыргакты, / Бир ажыдаар көрүндү, / Белсенип турган оогандык, / Бекерге каны төгүлдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Таласка кбар кылайын, / Айчүрөк, Гүлүс угаар, — деп, / Амалын мунун кылар, — деп, / Каныкей, Бакай угаар, — деп, / Кандайда болсо түйүнүн, / Карылар чечип чыгаар, — деп, / Шер Сейтек келер, — деп, / Баласын көрсө абакем, / Кетпей калар бекем? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Кандын баласы күндө келип, баягы мурунку аялына кордук көрсөтө берет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →