көрпө
- Козунун, улактын тармал жүндүү териси.
- Алдыга салынуучу ичке төшөк (көбүнчө төр көрпө же жер көрпө болуп айтылат).
- диал. Жууркан-төшөк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…де, / Тамандашып тебишип, / Кайран жанды кейитип, / Эртеден кечке салышып, / Кечинде кайта келишип, / Баатырлар кайтып келгенде, / Аттан жулуп алышып, / Алдына көрпө салышып, / Жарага даары чабышып, / Илегерлер чогулуп, / Түрдөп айла табышып, / Уктабай таңды атырып, / Кейипкерин багышып, / Тунарыгы ачылып, / Сүрүп чыкты таң…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ырап-шашып чогулуп, / Ак сарбашыл кой айтып, / Ак боз бээден дагы айтып, / Айткан малын алдырып, / Түктүү сан кылып талатып, / Көтөрүп аттан аларда, / Салынган көрпө-көлдөлөң, / Кош колдошуп багарда, / Көкөй анда кеп айтат: / — Медеркан, сенин эбиң жок, / Эчтеке менен кээриң жок, / Айыктырып баатырды, / Алуучудай жериң жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ак көңүлү кармаса, / Ак көрпө жайыл көрүнөт, / Каары кармап терс алса, / Кан төгөр жайы көрүнөт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…н адаммын, / Ашыгып кайдан табармын, / Таштап берип колуна, / Ажыкең түштү жолуна, / Арпа менен зырылдап, / Айнектей түздө дырылдап, / Үзүктүн белин ашыптыр, / Көрпөтоолоп басыптыр, / Чатыркөлдү кылаалап, / Кең Аксайды аралап, / Көбүргөндүн Корумташ, / Келинтайгак бел ашып, / Таракай менен айланып, / Жаңы жер менен Уланды, / Чөбү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Токтосарт туруп ордунан, / Олтурган көрпө соорундан: / “Айланайын, Семетей, / Жарабаган кепти айтпай, / Жалганы жок чынды айттың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →