көркөм
- Кооз көрүнүш, көрктүүлүк, сымбаттуулук.
- Адабият, искусство жагына, ошол тармактагы чыгармачылыкка байланышкан.
- Искусство тармагындагы ишке байланыштуу болгон.
- Искусствонун элементтеринен турган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эки жеңин салынып, / Өтө көркөм Торгой кыз, / Сулуулугу таанылып, / Чигитей менен Торгойдун, / Ырысына экөөнү, / Туш болгондой кабылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Бузулбай баары хан болгон, / Айрыкчасы аларда, / Калаш деген бар болгон, / Ай келбеттүү нур жүздүү, / Көзгө көркөм чок беттүү, / Дүйнөдө андай ким өттү, / Элинде чаар бар болсо, / Баарын койбой түгөттү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…толоңду чакыр, деп / Желдеттери далдаңдап, / Алып учуп калдаңдап, / Чойтолоңго барышты, / Хан чакырат сени, деп / Айтып кабар салышты, / Койгон аты Чойтолоң, / Көркөм жигит болбосо, / Келишимдүү койкойгон, / Түк күлбөгөн аз сүйлөп, / Бойлуу киши зоңкойгон, / Алдыңкы эрди кеберсип, / Ач калгандай томсоргон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айдаса буурул былк этпейт, / Чылбыры Гүлүс колунда, / Тоо баскандай солк этпейт, / Карадөө, Токой жардашып, / Тирмейе тиктеп карашып, / Абасы менен Гүлчоро, / Көргөнгө көркөм жарашып, / Тура турсун эрендер, / Биз башкадан кабар алалык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Өткүрү эле экөөнүн, / Оорутпас көөнүн бирөөнүн / Көркөмү эле тулпардын, / Кумпайы эле шумкардын / Бушманы эле душмандын, / Медери эле туугандын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →