көрктүү

китептерде 8 жолу, 3 китепте
  1. Көркү, жарашыгы мыкты, көркөмдүү, келишимдүү, сулуу, кооз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көрпөкө деген кыз экен, / Даңкы менен Шооруктун, / Накылай деп калышты, / Көрктүүсү кыздын ушу экен, / Көрпөкөнү Чубакка, / Жубай кыла салышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бай Жакып карап туруптур, / Кыйырынан көз салып, / Көрктүү экен Арууке, / Кыргоолдой болуп суйкайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сымбаттуу тууган Тынымкан, / Сүлөөсүн бөрктүү Жүзүмкан, / Көрктүү сулуу Урумкан, / Мурунку көп сулуудан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Көрктүү талаа кенен жер, / Ал талаада эркинче, / Өткөн экен нечендер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
/ Заңкайган Алатооңдон, / Залкайган терең кооңдон, / Какжырап жаткан чөлүңдөн, / Мелтиреп жаткан көлүңдөн, / Төшүн жайып дагдайып, / Кеңирсип жаткан төрүңдөн, / Байчечекей жайнаган, / Саймадан көрктүү бүрүңдөн, / Сан-санаксыз кубулган, / Көз жалтанган гүлүңдөн, / Урмат менен суранам, / Упурак болуп муңайам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →