көркоо

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Көрдү ачып жегич жырткыч (көбүнчө карышкыр).
  2. өт. Элге ырайымы жок эзүүчү, зулум, эл жегич.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көңүлүмө толбоду, / Көркоо Чыңгыш бергениң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каракан кызы Каныкей, / Катындан чыккан уз эле, / Камка тондун тышы эле, / Ак калпак элге эне эле, / Ак олпок тонго жең эле, / Түркүктөй элге бел эле, / Акылдын чыккан кени эле, / Сүт урган көркоо Канчоро, / Эмчегин эмген дээр эле, / Кадырын суттун кыларбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Агаңа барып кеңешип, / Ай балта кылыч, найзанын, / Курчутуп мизин эгешип, / Атанын уулу болгон соң, / Тууган кылып койгон соң, / Каралды болуп бергиле, / Жат душманга теңдешип, / Күрөшөлү айанбай, / Көркоолор менен белдешип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →