көрк
- Бирөөнүн же бир нерсенин жакшынакай, кооз көрүнүшү; сымбат, көркөмдүк, сулуулук.
- Бирөөнүн же бир нерсенин сырткы көрүнүшү, кебете-кешпири, түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көрккө салып эрлерди, / Көрсөтүп алып келгени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кирип чыгар жеринде, / Ич жагын зоону сыйдалап, / Будур-судур тышкы бет, / Көзгө көрксүз жаман таш, / Эп келтирип жасаткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ — Эмгичекти, сулуу кыз, / Сендей көрктү көрбөдүм, / Алыска сапар барбадым, / Жат элден сулуу албадым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Суусар, кундуз бөрктөрү / Сымбаты сонун көрктөрү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Муң басычуу кемпир-чал, / Кул болуучу боз улан, / Курчалышып бул жерде, / Кол кармашып ойношуп, / Тойго койдук чакырып, / Көрүп туруп көркүңдү, / Бузуктун көөнү кир болсун, / Аксакалы Абыке, / Айтты кеби бар элге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →