көргүлүк

китептерде 13 жолу, 7 китепте
  1. Кыйынчылык, кордук, азап.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Куралышып жыйналып, / Баш-айагы эсеби, / Элүү түмөн кол алып, / Таласты көздөй жөнөдү, / Жедигердин Каракөз, / Акылын башка бөлгөнү, / Ажал айдап шаштырып, / Көргүлүктү көргөлү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сарык келет калдаңдап, / Этек-жеңи далбаңдап, / Жерге түшсө өлөт, деп, / Көргүлүгүн көрөт, деп, / Арстан Гүлүс алаңдап, / Алдыңдагы Сур койон / Чабына батпай жалаңдап, / Алымсарык балбанды, / Түшүрбөй кармап алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кырк жаңжүндүн кирпигин, / Кыйа карап көрөлү, / Кылганына көнөлү; / Кылган ишин эп көрбөй, / Кырчылдашып жүрбөйлү, / Ортодо калып экөөнүн, / Көргүлүктү көрбөйлү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…-жаш, / Селдей жашы төгүлүп, / Жаш баладай ошондо, / Торсолдой келди түйүлүп, / — Касиеттүү шерим, — деп, / Касиеттиң билдиң, — деп, / Сокур болуп канча жыл, / Көргүлүктү көрдүм, — деп, / Келип кетсең Таласка, / Чолпондой көзүм ачылып, / Эми чуркап келдим, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ботосу өлгөн ингендей, / Бакайды кошо какшатып, / Арбагын элден бастатып, / Жол кайтартып чеп кылып, / Манасты билген Бакай, деп, / Абыке, Көбөш кек кылып, / Чыйырды, Бакай, Каныкей, / Көргүлүктү көрүптүр, / Көлдөтүп жашын төгүптүр, / Иттердин кылган ишине, / Амалы канча, көнүптүр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →